• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Дагы 12 медицина кызматкеринде COVID-19 вирусу тастыкталды

11 Чын куран 2020 10:22 Бишкек Govori.TV

Бүгүн эртең мененки онлайн жыйында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев маалымат берип жатат. Анын айтымында өткөн суткада 12 медицина кызматкеринде COVID-19 вирусу тастыкталган.

«Инфекцияны жуктурган медиктердин жалпы саны – 51 учур. Жаӊы учурлардын ичинен 8 медкызматкер Бишкек шаарында, 1 – Нарын облусунда, 3 – Ош шаарында», — деди ал.

Бүгүн, 11-апрелге карата Кыргызстанда дагы 41 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.

Жаңы учурлар Бишкек, Ош шаарларында, Ош, Чүй, Нарын облустарында катталды. Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 339 адамга жетти.

Количество просмотров: 997