Бүгүн, 20-январга караган сутканын ичинде Кыргызстандын аймагында дагы 162 адамдан COVID-19 диагнозу тастыкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 83 миң 430 адам COVID-19 диагнозу менен катталган.