• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дагы 28 медкызматкер коронавируска кабылды

2 Тогуздун айы 202012:02 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда дагы 28 медик коронавируска кабылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте — 8, Ош шаарында — 4, Ош облусунда — 5, Жалал-Абад облусунда — 2, Баткен облусунда — 9 медик илдетке кабылды.

«Ал эми бир суткада эки медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 6 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 294 учур катталды, алардын ичинен 3 029 медкызматкер айыгып чыкты», — дейт ал.

Количество просмотров: 78