• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Дагы 30 адам коронавирустан айыкты

25 Кулжа 2020 10:11 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 25-июнга карата дагы 30 адам коронавирус оорусунан дарылангандан кийин ооруканадан чыкты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев маалымат берип жатат.

Жаңы айыккан бейтаптар:

  • Бишкек шаарында 5 адам;
  • Чүй облусунда 10 адам;
  • Ош шаарында 6 адам;
  • Ош облусунда 1 адам;
  • Жалал-Абад облусунда 6 адам;
  • Нарын облусунда 2 адам.

Муну менен өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны 2112 адамга жетти.

Количество просмотров: 48