Бүгүн, 15-апрелге караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 305 адам коронавирус жана пневмония менен катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.
Алар:
Бишкек шаарында 186;
Чүй облусунда 89;
Ысык-Көл облусунда 12;
Ош шаарында 7;
Талас облусунда 4;
Жалал-Абад облусунда 4;
Баткен облусунда 2;
Нарын облусунда 1.
Муну менен Кыргызстанда жалпы 91 144 адамга коронавирус жукту.