• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Дагы 332 адамдан COVID-19 жаңы табылып, 7 бейтап каза болду

15 Баш оона 202111:15 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 15-августка карата коронавирус дагы 332 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 150, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 31, Ош облусунда – 8, Талас облусунда – 30, Нарын облусунда – 23, Ысык-Көл облусунда – 38, Жалал-Абад облусунда – 36, Баткен облусунда – 24 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 676 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча жети бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 125 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 328 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 172 миң 090 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 162 миң 780 киши айыгып чыкса, 2 миң 446 адам каза болду.

Количество просмотров: 199