• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дагы 5 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

17 Баш оона 202011:31 Бишкек Govori.TV

Сутка ичинде өлкө боюнча 5 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 1 жана Баткен облусунда 1 медик илдетке кабылды.

“Ал эми бир суткада 5 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары, үй карантининен 9 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3035 учур катталды, алардын ичинен 2342 медкызматкер айыкты”, — дейт ал.

Количество просмотров: 108