• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Дагы 57 адамдан COVID-19 жаңы табылып, бир бейтап каза болду

11 Тогуздун айы 2021 9:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 11-октябрга карата коронавирус дагы 57 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 40, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 2, Талас облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 67 адам илдеттен сакайып чыгып, бир бейтап кайтыш болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 458 бейтап, амбулатордук түрдө 680 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 338 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 86 киши айыгып чыкса, 2 миң 620 адам каза болду.

Количество просмотров: 68