Дагы 586 адам COVID-19 менен катталып, бир бейтап көз жумду
14 Үчтүн айы 2022 11:21 Бишкек Govori.TV
Бүгүн, 14-январга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 586 адам COVID-19 диагнозу менен катталды.
Алар:
- Бишкек шаарында – 435,
- Чүй облусунда – 49,
- Жалал-Абад облусунда – 37,
- Ош шаарында – 22,
- Ысык-Көл облусунда – 17,
- Талас облусунда – 11,
- Ош облусунда – 9,
- Баткен облусунда – 5,
- Нарын облусунда – 1.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 188206 адам коронавирус менен катталган.
Акыркы суткада 1 бейтап көз жумду.
Подписаться:
Количество просмотров: 85