• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Дагы 6 медкызматкерден коронавирус табылды

7 Кулжа 2020 10:34 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандасутка ичинде 6 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Бишкек шаарында бир, Ош облусунда бир, Ош шаарында бир жана Нарын облусунда 3 медкызматкер илдетке кабылган. Ал эми стационарлардан сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыгарылды», — деди министрдин орун басары.

Кошумчалай кетсек, жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 395 учур катталды, алардын ичинен 275 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Количество просмотров: 34