• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Дагы 62 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды

8 Теке 202010:14 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 62 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.


• Бишкек ш. – 23
• Чүй облусунда – 16
• Ош ш. – 9
• Ош облусунда – 1
• Нарын облусунда – 3
• Ысык-Көл облусунда – 1
• Жалал-Абад облусунда – 6
• Баткен облусунда – 3
Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1287 учур катталды, алардын ичинен 522 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Количество просмотров: 89