• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Дагы 7 бейтап коронавирустан көз жумду

8 Кулжа 202111:42 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда дагы 7 бейтап коронавирус менен пневмониянын кесепетинен каза тапты. Бул маалыматты саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев бүгүн, 8-июндагы брифингде билдирди.

7 бейтап тең Бишкек шаарында дарыланып жаткан.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 1859 адам коронавирус менен пневмониянын кесепетинен көз жумду.

Количество просмотров: 72