Кыргызстанда сутка ичинде 7 медкызматкерден коронавирус табылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында. Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 2 медкызматкер илдетке кабылган.
«Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 207 учур катталды, алардын ичинен 139 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан», — дейт ал.