Бүгүн, 30-январга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 76 адам коронавирус жана пневмония менен каттоого алынды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 84 миң 453 адамдан COVID-19 диагнозу тастыкталган.