Бүгүн, 5-февралга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 88 адамдан COVID-19 диагнозу тастыкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстандын аймагында жалпы 84 миң 920 адам COVID-19 диагнозу менен катталган.