• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Дагы бир бекер бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалат

13 Бирдин айы 2024 11:09 Бишкек Govori.TV

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бюджеттик негизде кезектеги бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалат. Бул тууралуу Саламатттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

34 жаштагы бейтапка орган алмаштыруу операциясы жасалат. Оорулуу өнөкөт гломерулонефриттин кесепетинен бөйрөктүн өнөкөт оорусуна каршы программалык гемодиализ алып келген. Ага бейтаптын 32 жаштагы биртууганы донор болот.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бейтаптардан кабар алды. Операция ушул жуманын аягында жасалат. Бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда. Алар трансплантология бөлүмүнүн дарыгерлеринин көзөмөлүндө болуп, операцияга чейинки тиешелүү даярдыктан өтүшөт.

Эске салсак, 1-февралда 21 жаштагы кызга бөйрөгүн акысыз алмаштыруу операциясы жасалган. Президент Садыр Жапаров гемодиализ алган кыргызстандыктарга бөйрөктү бекер алмаштыруу боюнча операция жасоону тапшырган. Бүгүнкү күндө өлкөдө 2 миң 500дөн ашык жаран гемодиализ алат. Алардын ичинен 50 бейтап донор таап, толук медициналык кароодон өтүп, бөйрөк алмаштырууга даярданып жатышат.

Количество просмотров: 62