• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Дагы бир мектеп директору кармалды

2 Аяк оона 2023 11:14 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) окуучуну кабыл алууда мыйзамсыз акча талап кылууга шектелип дагы бир мектептин директору кармалганын билдирди. Бул соңку бир аптанын ичинде мектеп директору кармалган 4-учур. УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Бишкектеги мектептердин биринин А.Г.Б. аттуу директору окуучуну башка мектепке которуу маселесин оң жагына чечип берүүнү убада кылып 5000 сом өлчөмүндө акча каражатын алган. Директор 1-сентябрь күнү кармалып, атайын кызматтын убактылуу тергөө абагына киргизилди.

УКМК билим берүү мекемелеринин жетекчилерин мыйзамсыз, анын ичинде мектептерде ар кандай коомдук фонддорду түзүү жолу менен акча чогултуу практикасынан баш тартууга жана мындай фактылар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Количество просмотров: 489