• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Дагы бир судьяга издөө жарыяланды

15 Бугу 201910:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.05.2019.Govori.TV.

Чүй облусуна караштуу Москва райондук сотунун мурунку төрагасы Феликс Марлес Кыргызстандан качып кетти. Бул маалыматты УКМК тастыктап, ага издөө жарыяланганын билдирди.

Феликс Марлес 2018-жылдын күз айында кызматынан четтетилген. Соттор кеңешинин алдындагы дисциплинардык комиссия аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу макулдугун берген. Ал пара берүүгө айыпталып жатат. «Дело №…» гезитинин маалыматы боюнча, ал акчаны УКМКнын коррупцияга карщы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине сунуштаган. Феликс Марлес өзү чыгарган соттук чечимдерди текшерүүгө уруксат бербей, пара берүүнү каалаган. Ал караган иштин баары жер аянты боюнча талаш маселелер болгон.

Маалыматка ылайык, судья Түркияга качып кеткен.

Количество просмотров: 16