• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө уланууда

28 Тогуздун айы 202410:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-октябрда Жумгалды мал кайтарып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан эки адамды издөө иштери уланды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, изделип жаткан Жумгал районуна караштуу Өрнөк айылынын 49 жаштагы К.Б . жана 9 жаштагы С.Б. аттуу тургундары 16-октябрь күнү мал кайтаруу үчүн жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болушууда.

Күн мурун ӨКМдин 4 куткаруучусу, Ички иштер министрлинен 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 14 адам издөөгө чыгышкан.

Белгилей кетсек, жоголгондор тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн. Куткаруучулар маалымат түшкөн күндөн тарта ИИМдин кызматкерлерине көмөктөшүп, издөө ишин жүргүзүп жатышат. Тилекке каршы азырынча натыйжа боло элек.

Количество просмотров: 148