28-ноябрдан бери дайынсыз болуп жаткан «Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияровдон дагы деле кабар жок. Бул тууралуу «Ордо» саясий партиясынын мүчөсү Мирлан Мамытов Govori.TVга билдирди.
Анын айтымында, Мияровго карата издөө иштери жүрүп жатат.
«Шайлоо күнү № 44 мектепке добуш берүү үчүн барганда акыркы жолу көргөм. Ошол бойдон байланышка чыккан эмес, телефону өчүк. Жакындары дагы кабатыр болуп жатат», — деди Мамытов.
Ички иштер министрлиги бул боюнча расмий маалымат бере элек.
Мирбек Мияров 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого ат салышкан «Ордо» партиясынын лидери. Ал 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.