Дайыр Орунбеков Кочкоровдун кеңешчиси болуп дайындалды
Дайыр Орунбеков Кочкоровдун кеңешчиси болуп дайындалды
15 Жетинин айы 201814:36 Бишкек Govori.TV
Бишкек.15.11.2018.Govori.TV.
Журналист жана коомдук активист Дайыр Орунбеков Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу чечимге 15-ноябрда кол коюлгандыгын аталган министрликтен билдиришкен.
“Мурда айрым социалдык долбоорлорго кол учун тийгизип жүрсөм, эми бул тармакта сиздер менен биргеликте активдүү иш алып барууга киришем. Жакшы каалоо тилектерди кубануу менен кабыл алдым, чоң рахмат, ишенимди актоого күчүмдү жумшайм”,-деген Орунбеков.
Эске сала кетсек, Дайыр Орунбековдун үстүнөн башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевдин беделине шек келдирди деп, андан 2 миллион сом талап кылуу менен доо арыз жазышкан. Журналист баардык инстанциялардан утулуп, ага карата кылмыш иши козголгон эле. Ал эми 2017-жылдын мартында Орунбековго карата амнистия колдонулган.
Орунбеков өкмөттөгү кадрдык өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтар чындыкка дал келбей турганын айтты
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков тарап жаткан кадрдык алмашуулар тууралуу маалыматтарга түшүндүрмө …