• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Дамир Мусакеев беш жылга эркинен ажыратылды

24 Бугу 2019 20:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.05.2019.Govori.TV.

Бишкектин Свердлов райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Дамир Мусакеевди беш жылга эркинен ажыратты. Мусакеев сот залынан камакка алынды. Бул тууралуу КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Маалыматка ылайык, Мусакеев сот залынан камакка алынган жана СИЗО-1 алынып кеткен.

Эске салсак, Дамир Мусакеев Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеп турган учурда кызматтык батирлерди туура эмес бөлүштүргөн, коррупцияга жол берген деп айыпталды.

Дамир Мусакеевге Кылмыш кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 11