• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Дамир Мусакеев өзүнүн жана жакындарынын мүлкүн коомчулукка көрсөтөт

10 Бугу 2019 9:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.05.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 10-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тогузунчу башкармалыгынын мурдагы башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев өзүнүн жана ата-энесинин, бир туугандарынын мүлкүн коомчулукка көрсөтөт.

«Дамир Мусакеев Башкы прокуратура тараткан тизмеде көрсөтүлгөн объектилер боюнча маалымат берүүнү чечти. Тизмедеги көп объектилердин Мусакеевге тиешеси жок, аны өзү да айтып чыкты. Ага «мыйзамсыз байыган» деп айып коюлуп жатпайбы. Анын эч кандай байлыгы жок. Ал УКМК тарабынан берилген кызматтык батирде жашап жатат»,-деди КСДПнын расмий өкүлү К. Жолдубаева.

Буга чейин Мусакеев Башкы прокуратура анын байлыгына байланыштуу тараткан маалымат туура эмес экенин билдирген. Ал ийгиликке жетиш үчүн талбай иштеп келишкенин, өзүнүн үй-бүлөсүнө тийиштүү мүлктүн жалпы баасы прокуратура бергендей 20 млн. сом эмес, 500-600 миң сом болушу мүмкүн экенин айткан.

Количество просмотров: 11