Дамирбек Асылбек уулунун ордуна «Кыргызстан» партиясынын тизмесиндеги Руслан Чойбеков депутат болуп келиши мүмкүн.
Белгилей кетсек, 15-16-февраль күндөрү Казакстандын күч органдары коррупцияга каршы жүргүзгөн операцияда тогуз бажы постунда мыйзамсыз аракеттерди жүргүзгөн сегиз кылмыштуу топ жок кылынган. Кармалгандардын ичинде Кыргызстандын үч жараны болгон, алардын бири ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу болгонун ТИМ тастыктаган.
Ал эми Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын жараны экени айтылган нота Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине келип түшүп, кийин депутаттын «трансулуттук кылмыштуу топтун башчысы» экени белгиленген.
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кийинчерээк Дамирбек Асылбек уулу казак жараны экенин маалымдаган. Депутаттын атасы уулу Кыргызстандын жараны болгонун, Каракол шаарында туулуп-өскөнүн билдирген.