• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Дамирбек Асылбек уулун Алматы шаардык соту 10 жылга кести

24 Чын куран 201915:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.04.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулун Алматы шаардык соту күнөөлүү деп таап, 10 жылга кести.

Соттун өкүмүнө ылайык, Асылбек уулу жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн соң Казакстандан чыгарылат.

Дамирбек Асылбек уулуна Казакстандын Кылмыш жаза кодексинин 264 («Улуттар аралык кылмыштуу топ түзүү») жана 234-беренеси («Экономикалык аткезчилик») боюнча кылмыш иши козголгон.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 15-16-февралында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Коррупцияга каршы күрөшүү улуттук бюросу менен биргеликте атайын операция жүргүзгөн. Натыйжада бажы постторунда иштеген уюшкан кылмыштуу топтун 8 мүчөсү жок кылынган. Ал эми колго түшүрүлгөндөрдүн арасында ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу бар экени айтылган. Казакстандын ИИМи анын казак жарандыгы бар экенин айтып чыккан. Бул маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын коңшу өлкөнүн тийиштүү органдарына жиберген сурамынан кийин да тастыкталып, Дамирбек Асылбек уулу депутаттык мандаттан ажыратылган.

Количество просмотров: 15