Даниел Ажиев Жаңы-Жер айылындагы психикалык диспансерге дарыланууга жиберилди. Бул тууралуу Ажиевдин жакындарынын берген маалыматына таянып, «Азаттык» жазды.
Маалыматка караганда, тергөө алкагында милиция Ажиевдин психикалык саламаттыгын соттук-психиатриялык экспертизадан өткөрүүнү талап кылган. Экспертиза «Ажиев психикалык жактан дарыланууга муктаж» деген корутунду чыгарган. Ажиевге карата козголгон кылмыш иши токтотулуп, экспертизанын корутундусу сотко берилген.
Ал эми Ажиевдин жактоочусу Таалайкүл Токтобекова аталган маалыматты төгүндөгөн да, ырастаган да эмес.