• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Даниэль Ажиев 2 айга камакка алынды

28 Жалган куран 2020 20:05 Бишкек Govori.TV

Даниэль Ажиев 2 айга камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Маалыматка ылайык, Даниэль Ажиев 26-майга чейин камакта болот. Анын баш коргоо чарасы сотто бүгүн каралган. Ага улуттук, расалык, этникалык жана аймактык кастыкты козгоо айыбы тагылууда.

Даниэль Ажиев алгач коронавирус менен күрөшүү үчүн 7 миллион сом бөлөрүн айткан. Канча акча жумшаганы белгисиз, бирок, бир нече үй-бүлөгө азык-түлүк таркаткан видеосу жарыяланган.

Көпчүлүк Ажиев вебкам-моделдердин студиясынын ээси экенин айткандан кийин ал инстаграм баракчасы аркылуу кыргызстандыктардын баарын ашата сөгүп, порно индустрияда тармагында иштеп акча тапканын мойнуна алды.

Количество просмотров: 679