• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Даниель Ажиевдин апасы президентке кайрылып, кыргыз элинен кечирим сурады (видео)

27 Жалган куран 2020 20:15 Бишкек Govori.TV

Жети облуска 1миллион сомдон 7 миллион кайрымдуулук кылган Даниель Ажиев убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Мындан улам анын апасы президентке кайрылуу жасап, кыргыз элинен кечирим сурады.

Апасынын айтымында, Даниель үй бүлөсүндөгү жалгыз каражат тапкан адам жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баласы бар.

«Баламдын кетирген катасы үчүн сиздердин астыныздарга түшүп, кечирим сурайм. Баламды кечирип коюңуздар, балам жаш, кызуу кандуулукка алдырып ийди. Жети облуска кете турган жардам азыркы учурда фураларда турат. Ал өзү да кечирим сурап жатат. Ажобуз Сооронбай Жээнбеков калыс карап, бул маселени чечип берүүңүздөрдү суранам», — деди апасы Сайкал Ажиева өз кайрылуусунда.

Эске салсак, Ажиев 313-беренеси (улуттар аралык, этникалык, расалык кастыкты козутуу) боюнча айып тагылып, камакка алынган.

Ал инстаграм баракчасында жасаган кайрылуусунан соң кармалган, анда Ажиев аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кылган кайрымдуулук ишине карата сындардын айтылуусу боюнча айткан.

Мындан тышкары ал видео кайрылуусунда бир нече кылмыш ишинде катыштыгы бар экенин ачыктаган. Ал вебкам-студиясы барын жана БШКнын депутаты Темирлан Токобековду (ЖК депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу) 4 киши каза болгон жол кырсыгында унаасынан чыгарып кеткенин жана Токобеков мас болгонун айткан.

Количество просмотров: 15066