23-жаштагы белгилүү швециялык скрипка-виртуозу, кыргыздын жээни, “скрипканын ханзаадасы” Даниэль Лозакович Бишкекке келди.
Ал 29-августта Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында концерт берет.
Бул концерт классикалык музыканын бардык күйөрмандары үчүн чыныгы музыкалык майрам жана дээрлик 300 жыл болгон Страдивари скрипкасынын үнүн угууга эң сонун мүмкүнчүлүк.
Концерт саат 19:00дө башталат.