• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Данияр Амангелдиев Токмоктун мэри болду

17 Жалган куран 201820:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.03.2018.Govori.TV.

Бүгүн Токмок шаардык кеңеши калаа мэрин шайлады. Бул орунга үч талапкер ат салышты. Алар: Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Урматбек Самаев, Токмок шаардык кеңешиндеги Социал-демократиялык фракциянын депутаты Нурлан Келдибеков жана Финансы министрлигинин кызматкери Данияр Амангелдиев.

Добуш берүүнүн алдында депутат Урматбек Самаев талапкерлигин алып салды. Натыйжада шаардык кеңештин 18 депутатынын добушун алган Данияр Амангелдиев Токмок шаарынын мэри болуп шайланды.

Буга чейинки мэр Жыргалбек Шамыралиев ишиндеги кемчиликтери үчүн кызматынан кеткен эле.

Количество просмотров: 60