• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Данияр Үсөнов баласынын үлпөт тоюн Түркиядан өткөрдү (видео)

23 Аяк оона 2021 18:21 Бишкек Govori.TV

2010-жылдан бери чет өлкөдө жүргөн Данияр Үсөнов Түркиядагы кымбат баалуу ресторандардын биринде Урмат аттуу уулунун үлпөт тоюн өткөргөн. Мындай маалыматты bagyt.kg басылмасы жазды.

Такталбаган маалыматтар боюнча Урмат аттуу уулу Бишкектеги «Монгол», «My Shisha», «Social Coffee» кафе, барларына ээлик кылат. Материалдар ошо жерде тойго күбө болгондордон алынды.

Эске салсак, Данияр Үсөнов — Кыргызстандын мурунку премьер-министри. Ал 2010-жылы апрель окуяларынан кийин өлкөдөн качып кеткен. 2013-жылы ага кызматынан кыянатчылык менен пайдалнганы үчүн 15-жыл эркинен ажыратуу боюнча соттун чечими чыккан. Учурда Беларусияда Данияр Үсөнөвго өтө окшош Даниил Урицкий деген бизнесмен жашайт.

Количество просмотров: 82