• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бекешев: Данияр Үсөнов Бишкектеги 20 гектар жерди ээлеп алган

9 Кулжа 2022 11:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөнов мамлекеттин 20 гектар жерин ээлеп алганын айтып чыкты.

«Байтик Баатыр көчөсү менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинен баштап 800 метр өйдө барганда 20 гектар мамлекеттин жери жеке жактарга бекер өтүп кеткен. Аталган жер 2000-жылдын башында Чүй облустук токой чарбасына таандык болчу, андан кийин 49 жылга ижарага берилген. Кийин 2005-жылы айыл өкмөт 20 гектар жерди бекер жеке компанияга берип койду. Алып алган жеке менчик компания «ПраймСтрой» деп аталат. Ошол учурда ал Данияр Үсөновго тийиштүү компания болгон. Канча жолу УКМК, Прокуратура жана парламент ушул маселени көтөргөн. Тилекке каршы, ошол жер бекер берилген бойдон калды. Мамлекетке бир тыйын төлөгөн жок. Данияр Үсөнов 20 гектарды алып алды. Айыл өкмөттүн 2005-жылдагы буйругун жокко чыгарыш керек», — деди депутат.

Количество просмотров: 346