• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Данияр Сыдыков пандемияда өлкөгө келген гумжардар тууралуу билдирүү таратты

5 Бирдин айы 2021 9:34 Бишкек Govori.TV

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Данияр Сыдыков Кыргызстанда былтыр жай айларында коронавирус күчөп турганда чет өлкөдөн алынган гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү тууралуу суроолорго жооп берди.

Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазып, тышкы саясат каналдар аркылуу мамлекет жетекчилери жана эл аралык уюмдар менен гумжардам алуу тууралуу сүйлөшүүлөр болгонун жазды.

Данияр Сыдыков жардамдар кийин Кыргызстандын ичинде кандай бөлүштүрүлгөнү боюнча маалыматы жок экенин, ишти башка мамлекеттик органдар жасаганын жана өзү да коронавирус болуп ооруганда дары таппай кыйналганын билдирди.

«Өзүңөр билгендей ошол күндөрдө мен өзүм да коронавирус жуктуруп, илдеттин өтө оор формасы менен ооруп, анысы аз келгенсип жатканга оорукана таппай, дары-дармек издегенге көп убакытты коротуп алдым. Баягы өзүбүз чет өлкөдөн алып келип жаткан гуманитардык жардамдын «Гсын» да көргөн жокпуз».

Анын сөзүнө караганда, Кыргызстандын аймагына түшкөн жардамдарды Саламаттык сактоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтери тосуп алган жана жардамдын андан ары өлкө аймагы боюнча бөлүштүрүүгө Тышкы саясат менен алек болгон органдар кийлигише алган эмес.

Данияр Сыдыковдон былтыр июнь айында мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация менен Москвага барганда COVID-19 илдети аныкталган.

Коронавирус пандемиясынын убагындагы жоготууларды жана сырттан келген гумжардамдын бөлүштүрүлүшүн мекеме аралык комиссия иликтеп чыкты.

Тиешелүү мекемелердин аракеттери боюнча 14 кылмыш иши козголгон. Бул иштерди Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) тергеп жатат. Буга чейин мурдагы эки премьер-министр, эки вице-премьер-министрлер сурак берген.

Количество просмотров: 233