• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Коронавирус: Жалал-Абаддагы эмес Оштогу оорукана дезинфекциялоо үчүн жабылды

8 Чын куран 202012:24 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-апрелде эртең мененки маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов Жалал-Абад шаардык жугуштуу оорулар ооруканасындагы бардык кызматкерлер коронавирус жуктурганы аныкталып, оорукана дезинфекциялоо үчүн жабылганын билдирген болчу.

Ал эми Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасынын Жалал-Абад шаардык жугуштуу оорулар ооруканасы жабылган жок. Бул тууралуу Turmush басылмасына Жалал-Абад облустук штабынын башчысынын орун басары Урмат Боржуев билдирди.

Анын айтымында, 2 күн мурун коронавирус менен ооруган 13 адам ооруканадан чыгарылгандан кийин дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөн.

«Оорукана башка бейтаптарды кабыл алууга даяр. Оорукана жабылган эмес, ичинде бригада иштеп жатат», — деди ал.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кайрадан маалымат таратып, оорукана боюнча, министр Сабиржан Абдикаримов өкмөт үйүндөгү брифингде сүйлөгөн сөзүндө жаңылып, облустарды алмаштырып алгандыгын айтышкан.

«Бейтап балдардын баары Ош облустар аралык балдар ооруканасына которулат. Ошондой эле Кара-Суудагы балдар ооруканасы кошумча жугуштуу оорулар стационары катары өзгөртүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Ал арада Республикалык штаб маалымат таратып,
Ош шаарындагы балдар инфекциялык ооруканасы дезинфекциялоочу иш-чараларды жүргүзүү үчүн убактылуу жабылаарын жана мындай чара оорукананын медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус инфекциясынын катталышына байланыштуу кабыл алынганын билдиришти.

«КР Саламаттык сактоо министрлиги медицина кызматкерлеринин оору жуктуруу фактысы боюнча кызматтык изилдөө жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 167