• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дарыяга агып кеткен эркек кишинин сөөгү табылды

9 Теке 202111:39 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарындагы Кара-Суу дарыясына бир адам агып кеткен, — деп билдирет ӨКМдин маалымат кызматы.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, Кара-Көл шаарынын 1936-жылы туулган А.К. аттуу жашоочусу 8-июль күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Кара-Суу дарыясына агып кетти деген күмөн менен туугандары куткаруучуларга кайрылышкан.

Жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн 10 куткаруучу тартылган. Алар эркек кишинин сөөгүн Кара-Суу дарыясынын жээгинен камыштардын арасынан таап, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Количество просмотров: 156