Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Электрондук соода жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору каралып жаткан учурда, эл өкүлү Дастан Жумабеков аталган мыйзамдын чийки экенин белгилеп, мыйзам долбоорундагы катышуучулар деген сөздүн «атышуучулар» деп жазылып калганын сынга алды.
Мындан сырткары электрондук соодага өткөзүп алып, андан ар кандай пайыз ала берүү туура эместигин кошумчалады.