Бишкек.19.04.2019.Govori.TV.
Төрага Дастанбек Жумабеков Казакстандын парламентинин Сенатынын Төрайымы Дарига Назарбаева менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн парламент жетекчилери 18-апрелде Санкт-Петербург шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги отурумдарынын алкагында болгон.
Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги багыттарын талкуулашты. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги багыттарын талкуулашты.