• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Декларация-2021: Президент канча киреше тапкан?

31 Бештин айы 2022 15:51 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматы саясий кызматтагылардын 2021-жылга карата декларациясын жарыялады.

Ага ылайык, өлкө башчы Садыр Жапаров жыл ичинде 997 миң 803 сом киреше тапканын көрсөткөн.

Анын менчигинде болгону 0,6 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси жана гаражы бар.

Кыймылсыз мүлк же унаа тууралуу маалымат берилген эмес. Ошондой эле мамлекет башчынын эң жакын туугандарынын кирешеси жана мүлкү тууралуу маалымат жок.

Количество просмотров: 315