• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

“Дем ал” аталган экологиялык фестиваль өтөт

9 Аяк оона 202417:57 Бишкек Govori.TV


14-сентябрда Эркиндик гүлбагындагы Курманжан датканын эстелигинин жанында эл аралык таза аба күнүнө арналган “Дем ал” экологиялык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Фестиваль адамдарга абанын сапатынын көйгөйлөрү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана коомчулуктун экологиялык кыймылга активдүү катышуусу үчүн өткөрүлүүдө.

Фестивалдын алкагында экологиялык көйгөйлөргө жана таза абага көңүл бурууга багытталган эко-жармаңке, мастер-класстар, интерактивдүү оюндар жана билим берүү иш-чаралары өткөрүлөт.

Количество просмотров: 123