• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Дем алыш күнү Бишкекте бир катар көчөлөр жабылат

7 Тогуздун айы 202216:57 Бишкек Govori.TV

9-октябрда Бишкек шаарында «Ак илбирсти сактайлы» эл аралык кайрымдуулук марафону өтүп, иш-чарага байланыштуу саат 6:00дөн баштап марафондун катышуучулары чуркай турган көчөлөр тосулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жабылуучу көчөлөр:

— Чүй проспектиси Манас проспектисинен Ю.Абдрахманов көчөсүнө чейин;
— Абдрахманов (Совет) көчөсү Чүй проспектинен Иманалиев көчөсүнө чейин;
— Иманалиев көч. Абдрахманов көчөсүнө Ч.Айтматова проспектисине чейин;
— Масалиев көч. Абдрахманов көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейин;
— Айтматов көчөсү Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.

Бишкек мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана маршрутту алдын ала пландаштырып алууну өтүнөт.

Количество просмотров: 209