Дем алыш күнү Бишкекте жарманке өтөт
5 Жалган куран 2021 12:46 Бишкек Govori.TV
Бишкекте 6-7-март күндөрү айыл чарба продукцияларынын жарманкеси болот. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарманке эртең менен саат 10:00дө башталат.
Жарманкелер өтө турган аймактар:
- Раззаков көчөсүнүн Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн чектешкен аймагында;
- 12-кичирайондогу Жетикашкаев жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишкен бөлүгүндө;
- Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде (Чыгыш-5 кичирайону).
Азык-түлүккө болгон баа:
- Уйдун эти — 390-405 сом;
- Жылкынын эти — 380-390;
- Койдун эти — 400-405;
- Тооктун эти — 200-210;
- Өсүмдүк майы — 120-125;
- Жумуртка 10 даана — 85-88;
- Үй жумурткасы 10 даана — 90-95;
- Кумшекер — 55-60;
- Күрүч — 55-60;
- Алма — 30-50;
- Сабиз — 12-15;
- Картошка — 22-25;
- Пияз — 15-16.
Подписаться:
Количество просмотров: 88