Бишкек шаарында дем алыш күндөрү кезектеги азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, жарманке Түштүк магистраль Нуркамал Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймакта (12-кичи району) саат 10:00дө башталат.
Жарманкеде азык-түлүктөргө коюлган баалар:
Эт азыктары — 380-390 сом;
Жумуртка (10 даанасы) — 85-90 сом;
Үй тооктору — 180-200 сом;
Көлдүн айраны — 37-38 сом;
Өсүмдүк майы — 113-123 сом;
Картошка — 22-23 сом;
Пияз — 11-13 сом;
Сабиз — 20 сом.