Кыргызстанда дем алышта 30 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
— Бишкек шаарында – 2;
— Ош облусунда – 4;
— Чүй облусунда – 9;
— Жалал-Абад облусунда – 3;
— Ысык-Көл облусунда – 7;
— Талас облусунда – 1;
— Баткен облусунда – 4.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 30 күжүрмөн эсеп тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болгон.