• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Дем алышта 42 өрт кырсыгы катталды

19 Кулжа 2023 10:54 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда дем алышта 42 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Бишкек шаарында 9, Ош шаары 1, Ош облусу 5, Чүй облусунда 14, Жалал-Абад облусунда 6, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусу 3, Баткен облусу 4 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө өрттү өчүрүүгө 49 бөлүм тартылган.

Алсак, Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда аянты 90 чарчы метр болгон мончо жана кампа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Араван районунун Көк-Таш айылында аянты 108 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Сокулук районунда Ылдыйкы-Орок айылында «Орок Сити» дүкөнүнүн 50 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 67