• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Дэн Сяопин проспектисинин бир бөлүгү бүгүн ачылат

31 Баш оона 202514:40 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Дэн Сяопин проспектисинин бир бөлүгү оңдоп-түзөө иштеринен кийин ачылат.

Мэриядан билдиришкендей, Бишкек шаарында оңдоп -түзөө иштеринен кийин Дэн Сяопин проспектисинин Фучик көчөсүнөн Интергельпо көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түштүк тарабы ачылууда.

“Оңдоо иштеринин алкагында “Бишкексууканал” МИге тиешелүү түтүктөр алмаштырылып, эски асфальт алынган, жаңы бордюрлар орнотулуп, эки катмар ысык асфальт төшөлдү, жол белгилери жана чиймелер жаңыланды”,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 130