• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору алмашты

1 Тогуздун айы 202517:24 Бишкек Govori.TV

Казыбек Молдажиев Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Молдажиев Казыбек Илияскарович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.

Ал эми Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору кызматын аркалап келген Айбек Абдымомунов кызматтан бошотулганы бүгүн маалымадалды.

Абдымомунов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулганы айтылган.

Количество просмотров: 183