• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дене тарбия жана спорт  мамлекеттик агенттигинин директору дайындалды

15 Бирдин айы 20258:01 Бишкек Govori.TV

Айбек Абдымомунов Дене тарбия жана спорт  мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма-сөз кызматы билдирет.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, Абдымомунов Айбек Тынчылыкович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.

Эске салсак, ушул жумада президент Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигин түзүмүнө өзгөртүүлөр киргизди. Эми спортту жана дене тарбияны өнүктүрүү менен өзүнчө агенттик алектенет.

Количество просмотров: 293