• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Денис Петрашов АКШда өткөн турнирде алтын медаль жеңди

12 Чын куран 2024 12:58 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов АКШда өткөн турнирде алтын медаль жеңди.

Кыргызстандын суу спортунун түрлөрү боюнча федерациясы маалымдагандай, Денис Петрашов АКШнын күчтүү суучулдары катышкан TYR сериясындагы абройлуу турнирде 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүп, алтын медалды багындырды.

Спорт адистеринин пикиринде, бул Олимпиада оюндарынын финалына татыктуу сүзүү болду.

Алгачкы 50 метрди үч спортчу Майкл Эндрю, Денис Петрашов жана Ник Финк 28 секунд ичинде сүзүп өттү. Башында Майкл Эндрю 27,93 убакыт жыйынтыгы менен алдыда келе жаткан, ал эми Денис Петрашов 27,97 убакыт менен экинчи келе жатса, Ник Финк 27,98 убакыт менен үчүнчү катарды ээлеген.

Бирок, Денис Петрашов чемпиондук ылдамдыгын көрсөтүү менен 59,83 убакытты көрсөтүп, финалды багындырды.

Дүйнө чемпиону Ник Финк 1:00.03 жыйынтыгы менен экинчи келсе, Рон Полонски үчүнчү орунду алды, ал эми Майкл Эндрю медалдан кол жууп калды.

Количество просмотров: 102