• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Депкомиссия ТЭЦ боюнча тыянакка кол койбогон депутаттардын сунушун карап жатат

8 Бугу 2018 14:53 Бишкек Govori.TV
Бишкек.08.05.2018. Govori.TV

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо маселесин иликтеген депутаттык комиссия корутундуга кол койбогон депутаттардын сунушун жабык жыйында карап жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште жүргөн “Азаттыктын” кабарчысы Бакыт Асанов кабарлады.

Жыйынга катышып жаткан депутат Аида Касымалиева билдиргендей, ишине саясий баа берүү каралган жетекчилердин катарына ЖЭБ боюнча келишимге кол койгон министрлерди, “ТВЕАнын” чакыруусу менен Кытайга барган депутаттарды, Эсеп палатасынын башчысы Улукбек Мариповду киргизүү тууралуу сунуштар айтылууда.

Буга чейин депутаттык комиссиянын эки мүчөсү Акылбек Жамангулов жана Алмазбек Токторов иликтөө корутундусуна кол коюудан баш тарткан эле. Алар корутундуда ЖЭБдеги кырсык жана аны оңдоого бөлүнгөн 386 миллион доллардын сарамжалсыз пайдаланышы боюнча жоопкерчиликтүү айрым адамдар тизмеге киргизилбей калганын айтып чыгышкан. Комиссиянын төрагасы, КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов кечээ “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып корутундуга комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн сунуштары кошуларын айткан болчу.

Ал эми комиссиянын башка мүчөсү, депутат Сайдулла Нышанов ЖЭБди оңдоо иши боюнча айыптуулардын тизмесине мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жана ошол кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаев киргенин билдирген. Мындан сырткары экс-премьер-министр Сапар Исаковдун аты кошулаарын айткан.

Айрым депутаттар тизмеге аттары кошула турган адамдардын арасында ошол учурда кызматта турган экономика министри Темир Сариевдин, финансы министри Ольга Лаврованын жана азыркы мезгилге чейин иштеп жаткан тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин аттарын жарыялашкан.

Количество просмотров: 11