Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Илимбек Кубанычбеков укук коргоо органдарынын расмий маалыматына таянып, жыл башынан бери 2 жарым айда эле Кыргызстанда 17 өспүрүм каза болгонун билдирди. Ал министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдон мындай фактылардын алдын алуу боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатканын сурады.
Ага жооп берген Эдил Байсалов балдардын өлүмүнө интернеттеги буллинг да себеп болуп жатканын айтып, алдын алуу иштери тууралуу маалымат берди.
“Мектептерде балдар менен иштеген социалдык кызматкерлерге 550 жаңы штат ачылды. Мектептерге психологдордун да штатын киргизебиз”, — деди ал.